Дели. Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүндөгү Сринагар шаарында аскер лагерине жасалган чабуулда 9 индус аскер кызматкери набыт болуп, төртөө жаракат алышты. Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Аль-Мансурин” радикалдуу топ өзүнө алды. Бул бир аптанын ичинде жасалган экинчи чабуул. 27-июлда орун алган чабуулда 5 полиция кызматкери набыт болгон. Провинцияда учурда бир нече эстремисттик топ бар жана алар Кашмирдин өз алдынчалыгын, же болбосо, анын Пакистанга кошулушун талап кылып келишет. Соңку 14 жылдын ичинде эле аймакта куралдуу кагылышуулардан 65 миңге жакын адам набыт болгон. Жакында Индия менен Пакистан Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантмакчы. Ал эми Кашмирдеги сепаратисттер бул провинцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө анын калкынын да катышуусун талап кылышууда.