Баку. Бүгүн Ирандын президенти Мохаммад Хатами Азербайжанга расмий сапар менен келди. Бул Хатаминин Азербайжанга жасаган алгачкы сапары. Акыркы ирет Азербайжанга Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани 1993-жылы келген. Маалыматтарга караганда Ирандын президенти менен Азербайжан президенти Ильхам Алиев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана башка тармактардагы кызматташуу, Каспий деңизине байланыштуу маселелерди талкуулашат. Мохаммад Хатаминин эки күндүк сапарынын учурунда Иран менен Азербайжандын ортосунда бир нече эки тараптуу макулдашууларга кол коюлаары күтүлүүдө.