Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:27

Иракта кагылышуулар уланууда


Багдад. Бүгүн Багдадда полиция имаратына жакын жерде болгон жардыруудан бери дегенде 9 адам набыт кетип, жайырмага жакыны жаракат алышты. Кечээ Багдаддан түштүккө карай 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Махавиль шаарында да полиция имаратына жакын жерде мина коюлган автобустагы жардыруудан кеминде 5 адам набыт кетип, бир нечеси жарадар болушкан. Автобус жангечти тарабынан жардырылган. Соңку мезгилде Ирактагы козголоңчулар негизинен полиция кызматкерлерине карата чабуулдарды коюшууда. Ал эми шийилер үчүн ыйык деп эсептелген Неджеф шаарында Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн жана өлкөдөгү шийилердин радикалдык тобунун лидери Мохтад-ас-Садрдын аскерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда.
XS
SM
MD
LG