КАРАКОЛ. Бишкек-Каракол аба каттамы акыркы жети-сегиз жылдан үзүлгөн болчу. Каракол шаарындагы аба майданына чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан чакан учак кайрадан конду. Бул аба каттамы "Авиатрафик" компаниясынын жетекчилиги аркылуу ишке ашты. Учактын командири Сергей Ветушканын билдирген маалыматына караганда, жайкы эс алуу мезгилинде Ысыккөлдөн ден-соолугун чыңдоочу эс алуучулар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн облустун борборундагы аба майданынын ачылышы өтө зарыл. Ошондуктан Бишкек шаарынан Каракол калаасына жумасына 3 жолу аба каттамын үзгүлтүккө учуратпоо аракети көрүлүүдө. Учуу мөөнөтү бир сааттан ашпаган убакытты алат, ал эми жол акысы 1200 сом, - дейт Сергей Ветушка.