Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Кырсыкка кабылган альпинисттерди издөө уланууда


БИШКЕК. Хантеңири чокусунда көчкү алдында калган 6 адамды издөө улантылууда. Кырсык болгон жерге Орусиянын күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен 30га жакын альпинист жардамга келди. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты. 5-августта таңга маал Кыргызстандын тоо кыркаларындагы Чапаев жана Хантеңири чокусунун ортосунда көчкү жүрүп, ал жерде чет өлкөлүк 6 альпинист набыт болуп, 2 адам оор абалда Ысыккөл облустук ооруканасына жеткирилген. Набыт болгондордун бешөө Чехиянын, бирөө Орусиянын жарандары. Ондон ашуун адам жеңил жаракат алган.

Чехия, Эстония, Украина, Орусиянын, айрым бир маалмат боюнча 20 дан 50 чейин альпинист Эңилчектеги альпинистердин базасына 2-августта жеткирилген.

XS
SM
MD
LG