Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

АКШ элчиси аксылыктарга жолукту


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Ричард Янг Кыргызстандын түштүк аймагында расмий эмес сапарда болуп кайтты. Эс алуу сапарынын учурунда элчи Аксы районундагы бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Аксы аймагынан шайланган Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн элчиликтин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо уюмунун жетекчиси Жаныш Курбановдон алынган маалыматка караганда, элчи менен жергиликтүү демилгечилердин жолугушууларында бийлик менен элдин ортосундагы мамилеге, алдыда турган жергиликтүү кеңештерге, парламентке шайлоого байланыштуу маселелер жөнүндө сөз болду.

Жолугушууга Энелер кыймылынын, Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо коомдук уюмунун, «Эркиндик», «ЭрК», «Асаба» партияларынын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG