Ага киши өлтүрүү, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү жана мамлекеттик казынага кол салууга байланыштуу кинелер тагылды. Өлкөнүн башкы прокурору Бабажан Бабаханов генерал Мирзоев менен кошо анын жети жансакчысы камакка алынганын билдирди. Прокурордун айтымында, маңзат аткезчилигине каршы күрөш боюнча агенттиктин имаратынан 3000ге жакын курал-жарак, Мирзоевге таандык эт комбинатынан "Стингер" ракеталары табылган. Аталган агенттикти башкарганга чейин генерал Мирзоев 9 жыл бою тажик президентинин өмүрү-коопсуздугу үчүн жооп берген атайын бөлүктү жетектеген.
Тажикстанда баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин башчысы, генерал Гаффар Мирзоев камакка алынды