ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Америкада мунайдын баасындагы өзгөрүүлөр акциялардын наркын төмөндөтүп жиберди

Кечээ Нью-Йоркто Доу Жонс индекси 1,6%га төмөндөп, бир күн ичиндеги төмөндөө боюнча быйылкы рекордду койду. Аналитиктер муну - мунайдын баасынын асмандап кетишинин кесепети катары түшүндүрүүдө. Кечээ Нью-Йорктогу биржада чийки мунайдын бир баррели 44 доллар 41 центке айланды. Соодагерлер – кара майдын кымбаттап кетишине дүйнөлүк рынокко таасир эте алчу Орусиялык ири мунай компаниясы – "ЮКОСтун" тегерегиндеги сот иши шыкак болуп жатканын айтышууда.
​
XS
SM
MD
LG