Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Иран менен Азербайжан кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашышты


Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин Азербайжандагы ырасми визити уланууда. Бүгүн Хатами Азербайжандын парламенти – Милли Межлиске кайрылуу жолдоп, Межлистин төрагасы Муртуз Алекперов менен жолугушту. Кечээ ал Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүү өткөргөн. Визит маалында эки өлкө ортосунда электрэнергия, жаратылыш газын экспорттоо, Каспий деңизинин экологиялык коопсуздугун сактоо тууралуу жана башка документтерге кол коюлду. Эртең мекенине кайтаар алдында Ирандын президенти Хатами Азербайжандагы экинчи ири шаар – Ганжада болот.

XS
SM
MD
LG