Тасмада көргөзүлгөндөй, Ирактагы Анбар провинциясынын акими барымтада отурган үч уулун бошотуш үчүн кызматынан чегингенин маалымдайт. "Мен Анбардын акими Абдул Карим Бергесмин. Мен кудайдын жана баарыңардын алдыңарда буга чейин мужахиддиндерге каршы жасаган аракеттерим, америкалыктар менен кызматташканым үчүн терең өкүнүчүмдү билдирем жана өз кызматымдан баш тартканымды жарыялайм", - деди сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн кайрылуусунда экс-аким.