Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Кызылкыя шаарында Акбулак айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өтөт


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон ишемби күнү алынган маалыматка караганда, учурда аталган айыл өкмөттө шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Ал эми бул орун үчүн Адылбек Кыпчаков, Рустам Абдукаримов, Ахлидин Шамшидинов, Патта Алиев жана Марипжан Арапов аттуу беш талапкер катталып, үгүт иштерин жүргүзө баштады. Акбулак айыл өкмөтүндө шайлоо өткөрүүгө айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Абдуважит Сатыбалдиевдин Кызылкыя шаардык экология кызматынын жетекчиси болуп кетиши себеп болгон. Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынан бери мындай кайра шайлоо буга дейре облустун 11 айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG