Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Аламүдүндүк 105 бүлө кондоминимумга нааразы


БИШКЕК. Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу турак үйдө 105 үй бүлө электр энергиясынан жана жылуулуктан пайдалануу укугунан себепсиз ажырап жатат. Буга тургундар кирген кондоминимум жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттери таасир этүүдө. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Александр Савицкийдин катышуусунда өткөн жолугушууда тургундардын демилгелүү тобу ушундай билдирүү жасады. Алардын айтымында, кондоминимум жетекчилиги тургундардын жалпы менчигиндеги үч батирди жең ичинен менчиктеп алган. Нааразы тарап болсо тиешелүү тараптардын киришүүсү аркылуу бул үч квартираны кайтарып алып, сатыкка коюп, анын акчасына имараттын керектен чыккан чатырын ремонттоо талабын коюуда. Депутат Савицкийдин айыл өкмөт өкүлдөрүнүн жана нааразылашкан эки тараптын катышуусунда өткөн бул жыйын маселени сот аркылуу чечүү тыянагына келишти.

XS
SM
MD
LG