БИШКЕК. Мамлекет башчысынын 4-августагы буйругу менен президенттик администрациянын иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Амасбек Акматов башка кызматка которулганына байланыштуу кызматынан бошотулду. Ал эми “АКИпресс” маалымат агенттиги тараткан маалыматта үстүбүздөгү жылдын июль айында туристик жана мергенчилик 32 фирманын өкүлдөрү Амасбек Акматов чет элдиктерге мергенчилик үчүн лицензия берүүгө кийлигишип, көлөмдүү суммадагы пара алууга аракет кылды деп, мамлекет башчысына жана өкмөткө даттанып кайрылганы айтылат.
Президенттин басма сөз кызматы мындай маалыматты бышыктаган жок жана А.Акматов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулгандыгын ырастады.
Президенттин басма сөз кызматы мындай маалыматты бышыктаган жок жана А.Акматов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулгандыгын ырастады.