Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөр БУУнун желеги алдында аракеттениши ыктымал


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин бирине коркунуч түзүлгөн шартта чара көрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар,- деп билдирди «Чек-2004» аскерий машыгуу жыйынтыкталгандан кийин Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев. Ал эми президент Аскар Акаевдин айтымында, эл аралык террорчулардын чегарадан өтүп келишин күтүп отурбай, Жамааттык келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин тынчтыгына коркунуч келтирген жагдайларды алдын ала жок кылуу зарыл. Азыр тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдө мындай мүмкүнчүлүк бар. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши да бул уюмду таанып, глобалдуу коопсуздук системасынын ажырагыс бөлүгү катары кароодо. Ошондуктан, тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөр келечекте БУУнун желеги алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышышы ыктымал, деп билдирди президент Акаев «Чек-2004» аскерий машыгуунун соңунда өткөн маалымат жыйынында.

Аскерий машыгуунун акыркы этабы 4-6-августта Кыргызстандагы «Эдельвейс» полигонунда өтүп, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын аскер бөлүктөрү абада жана жерде аскер күчтөрүнүн кубатын көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG