КАРАКОЛ. Бул тууралуу облустук оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Алмакун Досмамбетов билдирди. Анын айтымында 37 жаштагы чех жараны Мрия Аришет оор абалда ооруканага жеткирилген, 7 кабыргасы, буту сынган, баш мээси чайкалган. Азыр анын абалы жакшы. Ага медициналык алгачкы жардамдар берилди. Ал эми москвалык Пётр Аденчиев дагы оор абалда оорукананын реанимация бөлүмүнө 5-августтун кечинде жеткирилген. 7-августта ал өзүнүн каалоосу менен ооруканадан чыкты.