Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Палестина өкмөтүнүн эки министри кызматынан чегинди


Палестина өкмөтүнүн эки министри бүгүн кызматынан чегине турганын жарыялады. Укук министри Тахед ал-Рейес жана пландоо министри Набил Казис өз арыздарын премьер-министр Ахмед Куреиге берди, бирок премьер акыркы чечим кабыл ала элек. Палестина өкмөтү азыр эки тараптан тең күнөөлөнүүдө. Коомчулук аны Израилдин саясатына туруштук бере албаганы үчүн сындайт, Батыш өлкөлөрү болсо аны террордук аракеттерди токтото албайт деп күнөөлөйт. Жакында премьер Куреи өзү да кызматынан кетүүгө ниеттенген, бирок төрага Ясир Арафат аны кызматында калтырды.

XS
SM
MD
LG