Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Судандын Дарфур аймагы боюнча келишим түзүлдү


Судандын Дарфур аймагындагы абал боюнча Бириккен Улуттар менен Судан жетекчилиги келишимге келди. Ал тууралуу макулдашууга дүйшөмбү күнү Судандын борбору Хартум шаарында өлкөнүн тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмаил жана Бириккен Улуттардын өкүлү Жан Пронк кол коёт. Келишим боюнча, Судан өкмөтү аймакта коопсуздук чараларын күчөтөт жана чатакты жөнгө салат. Акыркы айларда Дарфурда 50 миңге жакын адам өлтүрүлүп, дагы 200 миңге жакын киши кошуна Чад мамлекетине качкан.

XS
SM
MD
LG