Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:17

Дүйнөнүн мусулман өлкөлөрү өз аскерлерин Иракка жиберүүдөн баш тартууда


АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Эрмитиждин айтымында, мусулман өлкөлөрү өз аскерлерин Иракка жиберүүдөн баш тартууда, бирок сүйлөшүүлөр дагы уланууда. Анын бул маселе боюнча маеги Лондон шаарында чыгуучу "ал-Хаят" аттуу саудиялык гезитте жарыяланды. Сауд Арабиянын сунушу боюнча, АКШ жетектеген коалициялык аскерлер Ирактан чыгарылып, алардын ордуна мусулман өлкөлөрүнүн күчтөрү киргизилүүгө тийиш болчу. Алар өлкөгө келе турган Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлерин жана Ирактын мамлекеттик чек араларын коргомок.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG