Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Америкалык туткундун Иракта өлтүрүлгөнү жалган болуп чыкты


Ирактагы бир америкалык туткундун өлтүрүлгөнү жалган болуп чыкты. Интернет аркылуу бүгүн көрсөтүлгөн видеодо өзүн Сан-Франциско шаарынын тургуну Бенжамин Вандерфорд деп атаган жигит - америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылууга тийиш деп башы алынаар алдында билдирген: "Биз бул өлкөдөн чыгып кетүүгө тийишпиз, антпегенде баарыбызды ушинтип өлтүрүшөт".
Бирок Виндерфорд тирүү болуп чыкты жана анын өзүнүн айтымында, көрсөтүлгөн видеону тамаша катары ал өзү тарткан.

Анткен менен акыркы төрт айдын ичинде Иракта онго жакын туткун чындап эле өлтүрүлдү, дагы жыйырмадай киши азыр барымтада. Туткунга түшкөн бир жаранын куткаруу үчүн, өткөн аптада Филиппин мамлекети өз аскерлерин Ирактан чыгарып кеткен.

XS
SM
MD
LG