Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:39

Ирактын Нажаф шаарында оор салгылашуулар үч күндөн бери уланууда


Ирактын Нажаф шаарында коалициялык күчтөр менен шийи мусулмандар жоокерлери ортосундагы салгылашуулар үч күндөн бери уланууда жана борбор калаа Багдад шаарында дагы бүгүн кагылышуулар башталды. Америкалыктардын айтымында, үч жүзгө жакын шийи жоочусу өлтүрүлдү, алардын жетекчиси имам Муктада ас-Садрдын айтымында, анча адам өлгөн жок. Шийилердин жетекчиси аятолла Али Хусейни ал-Систани болсо жума күнү Британияга дарыланууга учуп келди, анын жүрөгү ооруйт.
XS
SM
MD
LG