Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Бүгүн Бишкекте грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Азиянын 4-чемпионаты аяктады


БИШКЕК. 8-августта Бишкек шаарында уландар жана кыздар арасында грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Азиянын 4-чемпионаты аяктады. Азия чемпионатында күч сынашууга Жапания, Түштүк Корея, Индия, Иран, Монголия, Тайпей, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары баштаган 12 өлкөнүн балбандары катышты. Өлкөнүн тарыхында Бишкекте биринчи ирет өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык жети улан жана бир кыз алтын медаль тагынды.

Грек-рим күрөшүндө кыргызстандык Алмаз Түмөнбаев, Асанбек уулу Эржан, Магамед Мутаев, Куралбек Ордобаев жана Азим Дүйшөбаев Азия чемпиондору аталды. Мында жалпы эсепте Казакстан биринчи, Кыргызстан экинчи, Иран өлкөсү 3-орундарды ээледи. Ал эми кыздар арасындагы эркин күрөш таймашында 49 кг. салмактагы Жылдыз Эшимова (Бишкек) жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
Эркин күрөштөн Кыргызстандык Кудурет Белеков менен Алтынбек Кадыркулов Азия чемпионатынын алтын байгесин утуп алышты. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, медалдар жана дипломдор тапшырылды.

XS
SM
MD
LG