Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Жогорку окуу жайлардын филиалдары жабылышы мүмкүн


ОШ. Билим берүү министрлиги ишмердүүлүгү күмөн саноону пайда кылган жогорку окуу жайлардын филиалдарынын тизмесин жарыялады. Аталган тизмеге жети жогорку окуу жайдын Ош шаарында жайгашкан филиалдары да киргизилген. Алар Ош технологиялык университетинин Кызылкыядагы жана Өзгөндөгү филиалдары. Кыргыз Улуттук Консерваториясынын түштүк бөлүмү, Кыргыз-Өзбек Университетинин Жалалабаддагы филиалы, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университетинин Оштогу филиалы, Москва укук жана ишкердик институтунун Оштогу билим берүү борбору жана Кыргызмедициналык академиясынын адистерди кайра даярдоо борбору. Билим берүү министрлиги мындай чечимин аталган окуу жайлардын материалдык-техникалык базасынын начардыгы, билим сапатына нааразылыктын күчөп кеткендиги менен байланыштырды. Мындай маалыматты бүгүн Ош шаарындагы "Ферганамедиа" маалымат агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG