БИШКЕК. Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча (JIKA) агенттиги менен Президентке караштуу башкаруу академиясы Кыргызстанда маалымат технологиясын өнүктүрүү багытындагы долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Жапониянын эл аралык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Долбоор Кыргызстанга Маалымат технологиясы боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо менен Улуттук маалымат борборуна колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Үч жылга пландаштырылган бул долбоордун биринчи бөлүгүн ишке ашыруу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталышы күтүлүүдө.