Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Социал-демократтардын Ысыккөл облустук конференциясы өттү


КАРАКОЛ. Конференцияга аталган партиянын жер-жерлердеги 75 мүчөсү катышты. Бул тууралуу маалыматты билдирген "Кыргызстан социал-демократиялык" саясий партиясынан облустагы бөлүмүнүн лидери Догдурбай Мурсабековдун пикиринде, алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого алар активдүү катышуу аракетин эмитен көрө башташты. Атап айтканда, конференцияга катышкан аталган партиянын дээрлик бардык мүчөлөрү алдыдагы саясий өнөктүккө татыктуу талапкерлерди тандоо боюнча жалпы бир пикирге келишти жана Аксуу, Ысыккөл, Жетиөгүз райондорунан жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин ысымы аталды.

Ошондой эле келерки жылда өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоого байкоочу катары катышууну каалаган бул партиянын мүчөлөрү бар дейт, Догдурбай Мурсабеков.

XS
SM
MD
LG