Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

ФБР жасалма видеотасманы жайылткан америкалыктын ишин иликтөөдө


АКШнын Сан –Франциско шаарынын 22 жаштагы тургуну Бенджамин Вандерфорд ирактык согушкерлер анын башын алып жаткан видеотасманы тарткан. Ал досунун жардамы менен жасаган видеотасманы "ал-Арабия" телеканалы көргөзгөн эле, америкалыктын өлтүрүлгөнү жөнүндө маалыматты батыш агенттиктери да кабарлашкан болчу. Вандерфорд жасалма видеотасманы Интернет аркылуу жайылтканына байланыштуу өзү мындай деди:

-Менимче муну оройлук катары кароого болот, бирок адамдар буга байланыштуу эки олуттуу нерсени түшүнөт деп ойлойм. Биринчиси - мындай видеотасмаларды жасоо оңой экендиги. Экинчиси - прессаны мындай видеотасмалардын чындыгына ишендирүүнүн канчалык жеңилдиги.

ФБРдин өкүлдөрүнүн айтымында, бул иш азырынча кылмышка жатаар- жатпасы аныктала элек.

XS
SM
MD
LG