Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстанга Астриянын өкмөттүк делегациясы келет


Бүгүн Бишкекке Австриянын билим, илим жана маданият министри Элизабет Герер, саламаттык сактоо министри Мария Раух-Калла, маданият жана маалымат каражаттары боюнча мамлекеттик катчы Франц Моррактын жетекчилигиндеги өкмөттүк делегация келет. Делегация мүчөлөрүнүн мамлекет башчы Аскар Акаев, өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов, саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, билим берүү министри Мустафа Кидибаев менен жолугушуулары күтүлүүдө. Тараптар жолугушууларда билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо тармактарында кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашмакчы. Австриялык делегациянын Бишкектеги курулуш, транспорт жана архитектура Университтетинде, Улуттук госпиталда, ошондой эле, Ысыккөл, Нарын облусунда да болушу күтүлүүдө.


Соңку дүйнөлүк кабарларды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG