Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Араб өлкөлөрүнүн Лигасы Судандагы кырдаалды талкуулады


Египеттин борбор калаасы Каирде өткөн жыйнында араб өлкөлөрүнүн Лигасынын тышкы иштер министрлери Суданга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Резолюциясын аткарууга көбүрөөк убакыт керек деген пикирин билдиришти. 29-июлда Улуттар Уюмунун Копсуздук Кеңеши Судан бийлигинен бир айдын ичинде араб согушчандарын куралсыздандырууну талап кылган Резолюцияны кабыл алган. Араб согушчандары Судандын Дарфур аймагында акыркы бир жылдын ичинде эле 50 миңге жакын африкалыктарды өлтүрүшкөн. Араб өлкөлөрүнүн Лигасы ошондой эле Дарфурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскердик кийлигишүүнүн зарылдыгы жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG