Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Ирактын белгилүү саясатчыларынын бири Ахмед Чалаби камакка алынат


Ирактын соту тарабынан өлкөнүн белгилүү саясатчыларынын бири Ахмед Чалабини жана анын тууганы, учурда Саддам Хусейндин сот ишин карап жаткан аскер трибуналынын башында турган Салем Чалабини камакка алууга ордер берилди. Ирактын соту Зухаир Маликинин жекшембиде билдиргенине караганда, Ахмед Чалаби жасалма акчаларды чыгаруу иштерине катышкан деп күнөөлөнүүдө. Ал эми Салем Чалаби болсо, Ирактын мурдагы каржы министри Хайдхем Фадхилдин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Кошмо Штаттардын “Си-эн-эн” телекомпаниясына берген маегинде Ахмед Чалаби ага коюлуп жактан күнөө негизсиз экендиги жана ал акыйкаттык үчүн күрөшө тургандыгын билдирди. Жакынга чейин эле, Ахмед Чалаби АКШнын коргоо министрлигинде Ирактын лидердигине талапкерлердин бири катары каралып келген. Бирок, Чалабинин Вашингтон менен болгон мамилеси анын Ирандын консервативдик күчтөрү менен байланышы бар деген шектер пайда болгондон кийин начарлады.

XS
SM
MD
LG