Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Иракта кайрадан өлүм жазасы киргизилди


Иракта кайрадан оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы киргизилди. Мындан ары өлкөдө адам өлтүргөн, адамдарды барымтага алган кылмышкерлер жана баңгизат соодасы менен алектенгендер өлүм жазасына тартылат. Ирактын мамлекеттик министри Аднан ал-Жанаби өлкөдө кайрадан өлүм жазасынын киргизилишинин себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Мындай чечим кандайдыр бир конкреттүү окуяларга эмес, өлкөдөгү жалпы кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Муну менен өкмөт өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу, Иракта коопсуздукту камсыздоо максатын көздөөдө, - деп билдирди Аднан ал-Жабани.

Иракта өлүм жазасы Саддам Хусейиндин режими кулагандан кийин алынып салынган.

XS
SM
MD
LG