БИШКЕК. Каржы министрлиги бүгүн өткөн жарым жылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда, жалпы бюджеттин жарым жылдык кирешеси 8 миллиард 188,8 миллион сомду түздү. Башкача айтканда, киреше боюнча күн мурунтадан түзүлгөн план 99,3% аткарылды. Анын ичинен салыктан түшкөн каражат 6 миллиард 341 миллион сомду түздү. Салык кызматы боюнча департаменттин жыйымдары 38 миллион сомго кем чогултулду. Ош шаары, Жалалабад, Ысыккөл, Чүй облустары салык боюнча пландарын толук аткарышкан эмес.