Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Кыргызстанга Австриянын Билим берүү, илим жана маданият министри келди


БИШКЕК. Бүгүн түштөн кийин Кыргызстанга Австриянын Билим берүү, илим жана маданият министри Элизабет Герер баштаган делегация иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Австриянын Саламаттыкты сактоо жана аялдардын укугун коргоо боюнча министри Мария Раух-Калла жана аталган өлкөнүн массалык маалымат каражаттары маселери боюнча мамлекеттик катчысы Франц Моррак сыяктуу расмий адамдар бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Австриялык делегация ушул эле күнү Кыргызстандын Билим берүү министри Мустафа Кидибаев менен жолугушту. Ал эми эртең чет элдик делегацияны мамлекет башчы Аскар Акаев кабыл алат. Австриялык делегация 12-августа өз мекенине кайтып кетет.

XS
SM
MD
LG