Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Ысыккөлдө 35 чакан долбоор инвестицияланууда


БИШКЕК. Жамааттарды инвестициялоо агенттиги август айынан октябрга чейин Ысыккөл облусунда 35 чакан долбоорду ишке киргизгени жатат. Бул тууралуу маалыматты «Кабар» агенттиги таратты. Долбоорлордун жалпы көлөмү 2 млн. 498 миң сомду түзүп, ал социалдык өксүктөрдү толтуруу максатын көздөйт. Ал 17 айыл кеңешин, 48 айылды камтыйт. Өткөн аптада агенттик ушул долбоорлордун алкагында Тамга айылында маалымат борборун ачты. Жамааттарды инвестициялоо агенттиги ишке ашырып жаткан долбоорлорго Дүйнөлүк Банк, Япон өкмөтү, Кыргыз республикасы колдоо көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG