Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

АКШ сенаторлору Кыргызстанга иш сапары менен болушту


БИШКЕК. АКШ Конгрессинин сенатор Тэд Стивенс жетектеген делегациясынын Кыргызстанга жасаган иш сапары бүгүн соңуна чыкты. Кетер алдында делегацияны президент Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда кыргыз-америка кызматташтыгы, демократиялык реформаларды ишке ашыруу, террорчулукка каршы күрөш жана башка маселер талкууланды. Президент эки өлкөнүн кызматташтыгына кошкон салымы үчүн Тед Стивенсти «Даңк» медалы менен сыйлады. Делегация мүчөлөрү ушул эле күнү антитеррордук коалициянын «Ганси» аба-аскерий базасында болушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Делегация Кыргызстанга Кытай аркылуу 7-августта келген.

XS
SM
MD
LG