Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

Өзбек прокурору жанкечти чабуулун тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди


Рашид Кадыровдун бүгүн кабарчыларга билдиришинче, 30-июлда Ташкенде жети киши каза тапкан бомбалоодо чет өлкөдө ацетон пероксидден жасалган жардыргыч зат колдонулган. Кадыров ошондой эле жардырууда өздөрү да күм-жам болгон үч жанкечтинин экөө ким экендиги аныкталганын бышыктады, бирок алардын ысымдарын айтуудан баш тартты:
- Бүгүн тергөөчүлөр эки террорист тууралуу жетиштүү маалымат чогултушту. Силер алардын ысымдарын билгиңиздер келээри шексиз, бирок тергөөнүн кызыкчылыгын жана кырдаалды эске алып, мен мындай маалыматты бере албайм.
Баш прокурордун ырастоосунда, үч жанкечтинин мындан төрт ай мурда Ташкен менен Бухарада бир катар жардыруу жасагандар менен байланышы болгон.

XS
SM
MD
LG