Ирактык радикал шийиттердин жол башчысы бүгүн Багдад өкмөтүнүн Нажафтан аскерлери менен чыгып кетүү талабын четке какты.
Бул шаарда америкалык куралдуу күчтөр менен салгылаш бешинчи күнгө караган тапта Садыр Имам Али мечитинде пресс конферендия өткөрүп, Нажафтан эч жакка кетпей тургандыгын жарыялады. Нажафтагы кагылыштын курмандыктары көп экендиги кабарланууда.
Ал эми Багдаддан түндүктөгү Балад Руз айлында жанкечтинин машинасы жарылганда кеминде алты киши ажал таап, дагы 16сы жаракат алды. Жаңы түшкөн кабарларга ылайык, Багдаддан түндүктөгү Халидияда автобус жарылып, төрт киши каза болду.