Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Ирактын белгилүү саясатчыларынын бири Ахмед Чалаби камакка алынат


Ирак бийлиги өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири, Ахмед Чалаби жана анын тууганы Салем Чалаби чет өлкөдөн келээри менен камакка алынат деп билдирди. Ал эми учурда Лондондо жүргөн Ахмед Чалаби ага коюлуп жаткан айыптар саясий мүнөзгө ээ экендигин билдирди. Ирактын соту тарабынан кечээ Ахмед Чалабини жана анын тууганы, буга чейин Саддам Хусейндин сот ишин карап жаткан аскер трибуналынын башында турган Салем Чалабини камакка алууга ордер берилген. Ирактын соту Зухаир Маликинин билдиргенине караганда, Ахмед Чалаби жасалма акчаларды чыгаруу иштерине катышкан деп күнөөлөнүүдө. Ал эми Салем Чалаби болсо, Ирактын мурдагы каржы министри Хайдхем Фадхилдин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG