Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:10

Украинанын шайлоо комитети бийликке карата нааразылыгын билдирди


Украинанын шайлоочуларынын комитети өлкө бийлигин президенттикке талапкер, Украинанын премьер-министри Виктор Януковичтин талапкерлигин колдоо боюнча үгүт иштери аша чабуу менен жүргүзүлүүдө деп күнөөлөштү. Комитеттин пикиринде өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттарында Виктор Януковичтин ишмердүүлүгү өтө эле пропагандаланып жатат. Комитеттин жетекчиси Игорь Попов болсо, бийликти ошондой эле шайлоочуларга карата Януковичтин талапкерлигин колдоо боюнча кысым көрсөтүлүүдө деп күнөөлөп чыкты. Украинада президенттик шайлоо ушул жылдын 31-октябрында өтөт. Президенттикке өлкөдө 26 талапкер ат салышат.

XS
SM
MD
LG