Иерусалим. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Иордандын Батыш жээгинде миңге жакын жаңы үйлөрдү куруу пландары токтотула тургандыгын билдирди. Бирок, серепчилер Шарондун мындай чечими убактылуу мүнөзгө ээ болушу ыктымал деген пикирлерин айтышууда. Буга чейинки Израиль менен Палестина автономиясынын ортосундагы макулдашууларга ылайык, Израиль Иордандын Батыш жээгиндеги райондордо жаңы курулуштарын токтотууга, ал эми Палестинанын бийлиги болсо палестин козголоңчуларынын Израилге карата жасалган чабуулдарына бөгөт койуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттенген. Эл аралык укук боюнча Израиль тарабынан Иордандын батыш жээгинде жана Газа секторунда үйлөрдүн курулушу мыйзамсыз. Учурда бул райондордо 400 миңге жакын жөөт жашайт.