Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Журналисттерди коргоо эл аралык уюмдары Ирак өкмөтүнө кайрылды


Журналисттерди коргоо эл аралык Комитети жана Журналисттердин эл аралык федерациясы Ирактын өкмөтүнө “Ал-Жазира” араб телекомпаниясынын кызматкерлеринин өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыйуу салууну токтотууну өтүнүп кайрылышты. Бул эки эл аралык уюмдун пикиринде, Ирактын өкмөтү араб телекомпаниясынын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыйуу салуу менен, сөз эркиндигине бөгөт койууда. Ал эми Багдад бийлиги менен Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачылыгы “Ал-Жазира” телекомпаниясын Ирактагы козголоңчулар менен кызматташууда деп күнөөлөөдө. Белгилүү болгондой, буга чейин “Ал-Жазира” телеканалы аркылуу Ирактагы экстремисттердин видео жана аудио тасмалары көрсөтүлүп келген. Ал эми сыналыгынын жетекчилиги болсо, телекомпания террористтер менен кызматташпай эле, согуштун чыныгы жүзүн көрсөтүп жатат деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG