Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Индия менен Пакистан аскер туткундары менен алмашышты


Индия менен Пакистан аскер туткунундагы атуулдары менен алмашышты. Индиянын түрмөсүндө отурган бир пакистан аскери жана Пакистанда камакта жаткан Индиянын эки аскери өз мекендерине кайтышты. Ал эми буга чейин Дели да, Карачи да, аларда аскер туткундары бар экендигин четке кагып келишкен. Азырынча камактан бошотулган эки индус аскери өлкөнүн аскер күчтөрүнүн катарларына кабыл алынабы, же жокпу – белгисиз. Индиянын коргоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, бул эки жоокер кандай шарттарда жана кандай себептер менен Пакистандын түрмөсүнө түшкөндүгү боюнча тергөө иштери жүргүзүлөт. Маалыматтарга караганда, Индиянын эки аскери – Мохаммед Ариф жана Джасгир Сингх 1999-жылы Кашмир провинциясынын Каргил районунда орун алган кагылышуу учурунда туткунга алынган. Ал эми Пакистандык аскер Салим Али Шах тараптарды бардык аскер туткундарын бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG