Ирактын Нажаф шаарында америкалык аскерлер менен өлкөдөгү радикал шийилердин жол башчысы Моктад ас-Садрдын тарапкерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Наджафтагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Маалыматтарга караганда, соңку беш күндүн ичинде Нажаф шаарында орун алып жаткан кагылышуулардан 30ка жакын адам набыт болду.
Ас-Садр буа чейин Ирактын премьер-министри Айад Аллавинин Нажафтан аскерлери менен чыгып кетүү талабын четке кагып, шийилердин ыйык шаарынан эч жакка кетпей тургандыгын билдирген. Кечээ ал бул чечимин мындайча бышыктады:
- Биз өлкөнү баскынчылардан бошотууну, өлкөнүн көз карандысызыдыгын каалайбыз. Өлкөбүз бошотулуп, көз карандысыз болсо, биз андагы саясий жараяндарга катыша алабыз, - деди Моктад ас-Садр.
Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын түштүгүндөгү Баср шаарында да, шийи козголоңчулары менен британиялык аскерлердин ортосундагы кагылышуулар уланууда.