Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Таластагы «Назар» телекөрсөтүүсүнүн жабылуу себебин тартип коргоо органдары териштире баштады


ТАЛАС. Таластагы көз карандысыз "Назар" телекөрсөтүүсү 2001-жылы жазында ачылган. Видеожабдуулар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн 24 миң доллар каражаттын эсебинен сатылып алынган. Бирок, «Назар» 2003-жылы жазында жабылып калган. Мунун себеби телекөрсөтүүнүн директору Шералы Тогонбаевдин жабдыктарды туш-тарапка сатып жоготкондугу менен түшүндүрүлгөн. Элчилик жабдууларды кайтарып алуу максатында өткөн жылдын сентябрь айында укук коргоо органдарына кайрылган. Ага ички иштер кызматы эми кирише баштады. Башкача айтканда, облустук милициянын тергөө бөлүмү ар кимге сатылып кеткен жабдууларды четинен таба баштады. Шаардык прокуратура бир жылдан бери изин жашырып, Таластан Бишкекке качып кеткен "Назар" телекөрсөтүүсүнүн жетекчилеринин дарегин тактоодо.

XS
SM
MD
LG