Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

БУУдагы АКШ элчисинин Кыргызстандагы сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө мекемелерине АКШ гуманитардык жардам көрсөтүшү ыктымал. Мындай маалыматты бүгүн АКШнын БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк агенттигинин өкүлү Тони Холлдун сапарынын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында элчи Бакыт Абдрисаев билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчисинин айтымында, бул маселе жаза өтөө мекемелер жетекчилиги менен жолугушуу учурунда козголуп, Тони Холл бул багытта жардам көрсөтөрүн убада кылган. 3-августтан 10-августка чейин Кыргызстанда болгон АКШнын БУУдагы элчиси иш сапарынын учурунда Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, Өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон бир катар мамлекеттик жетекчилер, диний уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууларда негизинен азык-түлүккө, айыл чарбасына байланышкан маселелер талкууланды. Тони Холл Кыргызстанга Эл өкүлдөр жыйынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келген.

XS
SM
MD
LG