Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Кытайлык ишкерлерге ижарага жер берүүнү бейөкмөт уюмдар жакташпайт


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасына таандык компанияга Ысыккөл облусунун тескей аймагынан арендага узак мөөнөткө жер берүү маселеси иликтенип жатат, бирок, макулдашуу кабыл алына элек. Бул тууралуу Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кытайлык компания туристтик жай куруу үчүн 800 гектар жер сурап кайрылган. Эгер бул долбоор ишке ашса, анын негизинде ысыккөлдүк 1000 адам жумуш орун менен камсыз болуп, бюджетке 200 миллион доллар пайда түшмөк. Бирок, бир катар бейөкмөт уюмдар кытайлык компанияга 49 жылга жерди арендага берүүнү жактабай тургандыгын билдирип, облустук бийликке ишемби күнү кат жолдошту. Катка «Жарандык коом коррупцияга каршы», Тоң районунун мугалимдер кошуну, адам укугун коргоо бюросу, «Интербилим» борбору, «ДАНКО» фонду кол коюшкан. Катта белгиленгенге караганда, Кытай тарап менен облустук бийлик арендага жер берүү боюнча маалыматтарды жабык калтырууда. Ушундай пикирдеги бейөкмөт уюмдар 2004-жылы жазында кытайлык карылуу ишкер структура менен облустук бийлик ортосунда макулдашуу тууралуу маалымат берүүнү сураган. Каттын көчүрмөлөрү Президенттин жана Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин наамына жолдонгон.

XS
SM
MD
LG