Түрмөдөн бүгүн бошотулган Галымжан Жакиянов соттун чечимине ылайык жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн тартиби жеңилдетилген колонияда өтөшү керек. Павлодар облусунун мурдагы губернатору Жакиянов кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 2002-жылы жети жылга кесилген. Бирок Жакиянов жана анын тарапкерлери мунун саясий жүйөөсү бар деп эсептешет. Галымжан Жакиянов оппозициячыл маанайдагы кыймыл, азыр партияга айланган уюм – Казакстандын Демократиялык Тандоосун түзгөндөрдүн бири.