Эки күнгө эсептелген сүйлөшүүлөр Исламабадда жүрүп жатат. Бул жолку сүйлөшүүлөр да - өзөктүк куралга ээ эки атаандаш өлкөнүн алаканы жана кызматташтыкты жакшыртуу багытындагы аракеттеринин бир бөлүгү. Тараптар Кашмир чатагы өңдүү ири маселелерге келгенге чейин өз ара ишенимди чыңдап, майда маселелерди чечүүгө көңүл бурууда. Пакистандын президенти Первез Мушараф "The News" гезитинде бүгүн жарыяланган интервьюсунда Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен сентябрь айында жолугушаарын билдирди.