9-октябрдагы шайлоого катышуучу талапкерлердин жалпы саны он сегиз. Тизмеде азыркы президент Хамид Карзайдан тышкаары, өлкөнүн билим берүү боюнча мурдагы министри, Карзайдын негизги атаандашы катары каралып жаткан Юнус Кануни, аскерий кол башчылардын бир нечеси, анын ичинде улуту өзбек генерал Абдул Рашид Достум да бар. Адегенде талапкерлер 23 эле. Алардын үчөөсү шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тарткан, экөөсү мыйзам талап кылгандай 10 миң шайлоочунун колун топтой алган эмес.