Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Москва менен Тбилиси Түштүк Осетия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Москвада Түштүк Осетиядагы кырдаалга байланыштуу Россия менен Грузиянын ортосундагы мамилелердеги пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кечээ кечинде Грузиянын коргоо министри Георгий Барамидзе жана мамлекеттик министри Георгий Хаиндрава Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Комитетинин төрагасы Андрей Кокошкин менен жолугушушту. Тараптар орус-грузин мамилелериндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышты. Грузиянын коргоо министри Түштүк Осетия боюнча Тбилисинин позициясы туура жана аны Батыш менен дүйнөлүк коомчулук колдоодо деген пикирин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Андрей Кокошкин Орусия менен Грузиянын ортосунда өз ара түшүнүшүүгө биринчи кадам жасалды деп жарыялады. Грузия анын мурдагы авнономиялары – Түштүк Осетия менен Абхазияга карата өзүнүн көзөмөлүн калыбына келтирүү аракетинде. Тбилиси Москваны бул республикалардагы сепаратисттик режимдерди колдоодо деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG