Ливия 1986-жылы Берлинде түнкү клубда орун алган жардыруудан жапа чеккендерге 35 млн АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө макулдугун берди. Бул жөнүндө Ливиянын Германиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Абдуллаати билдирди. Мындай макулдашууга немис адвокаттары менен Ливиянын сот органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилди. Берлинде болгон жардыруудан 3 адам набыт болуп, 230у жаракат алган. Берлиндин соту жардырууларды уюштурууда Ливиянын элчилигинин мурдагы үч кызматкерин күнөөлүү деп тапкан.