Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Иракта барымтадагылар бошотулду


Иракта кечээ козголоңчулар тарабынан барымтада кармалган алты чет өлкөлүк атуул бошотулду. Алардын үчөө - Иорданиянын, үчөө - Ливандын атуулдары. Бирок, ушул эле күнү Багдадда козголоңчулар тарабынан бир иорданиялык ишкер барымтага алынды. Козголоңчулар ишкердин бошотулушу үчүн 250 миң АКШ долларын талап кылууда. Кечээ ошондой эле исламчыл интернет-сайттарынын биринде козголоңчулар тарабынан барымтага алынган египеттик атуулдун өлтүрүлгөндүгү тартылган видеотасма пайда болду. Анда барымтадагы атуул өзүнүн аты-жөнүн жана америкалык аскерлер менен кызматташкандыгы жөнүндө айткан. Маалыматтарга караганда, видеотасма теги иорданиялык Абу Мусаб аз-Заркави башында турган “Таухид и джихад” аттуу террористтик уюму тарабынан тартылган.

XS
SM
MD
LG